Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын башкы директору жылдын мыкты жетекчиси наамына татыды

MegaCom компаниясынын башкы директору жылдын мыкты жетекчиси наамына татыды

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов, жумасына 122 миң нускада чыгарылган «Супер Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2014-жылдын мыкты жетекчиси» деген наамга татыган.

Кечээ жакында, Кыргызстандагы эң көп тираждуу «Супер Инфо» гезитинин тандоосу боюнча аныкталган «Жылдын Мыктыларын» салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Адаттагыдай кечэде, активдүү ишмердүүлүгү жана жарандык позициясы менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өзүнүн зор салымын кошуп келген компаниялар, көрүнүктүү саясатчылар, маданият жана чыгармачылык жаатындагы ишмерлер, спортчулар, ММК өкүлдөрү жана меценаттар белгиленген. Буга чейин, 2011 жана 2012-жылдары компания «Ишенимдүү өнөктөш» наамынын ээси болуп табылган. Ал эми, 2014-жылы алгачкы жолу MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов «2014-жылдын мыкты жетекчиси» жогорку сыйлыгына татыган.

Аталган башкы директордун жетектөөсү менен MegaCom компаниясы, бир кыйла олуттуу жетишкендиктерге жетишип, өлкөнүн телекоммуникация жаатындагы ири салык төлөөчүсүнө жана кыргызстандыктарга өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу байланыш кызматтарынан пайдаланууну сунуштаган, каптоо аймагы өлкөнүн калк жайгашкан аймагынын 98 пайызын камтыган ири байланыш операторуна айланган. Бүгүнкү күндө, MegaCom, ишмердүүлүгүндө төмөндөгү жетишкендиктерге жеткен өлкөдөгү алгачкы жана бирден-бир уюлдук оператор:

  • ISO 9001:2008 версиясы боюнча сапаттык башкаруу системасынын тастыктоосунан өткөн;
  • Сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык Премиясынын ээси;
  • БУУ алдындагы Эл аралык электр байланыш уюмунун курамына кирет.

Компаниянын өнүгүүсүнүн негизи, коммерциялык, техникалык көрсөткүчтөрүнүн, өлкө ичиндеги тейлөө борборлорунун санынын өсүшү жана компаниянын кызматтар түркүмүнүн жаңы сунуштар менен толукталышы гана эмес, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары үчүн багыт алуу. Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom компаниясына түшкөн ар бир сомдун эсебинен казынаны толуктоого каражат жумшалат. Андыктан, MegaComду өз мобилдик оператору катары тандоо менен, мекендештерибиз сапаттуу жана заманбап байланышты гана тандабастан, өлкө келечегине өз салымын кошуп жаткандыгын да белгилей кетүү абзел.

Мындан тышкары, өлкөбүздүн башка республикалык гезиттери MegaCom компаниясын 2014-жылдын мыкты компаниясы деген наамын беришкен. Буга чейин MegaCom бешинчи ирет Кыргызстандын мыкты уюлдук оператору деп табылган.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Mega USSD»

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»

  • Услуга

    «ЗОЖ»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)