Перейти на новый сайт
MegaCom SIM-карталарды каттоодо бонустарды тартуулайт

MegaCom SIM-карталарды каттоодо бонустарды тартуулайт

MegaCom компаниясы номурун каттоодон өткөргөн бардык жеке абоненттерине акысыз мүнөттөрдү, SMSтерди жана Интернет-трафиктин мегабайттарын камтыган «Контракт» бонустук топтомун тартуулайт. Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине келип номурун каттаткан ар бир абонент мындай жагымдуу белекке ээ болот. Уюлдук оператор менен келишим түзүү үчүн паспортун, айдоочулук күбөлүгүн, аскер билетин же бааргер күбөлүгүн өзү менен кошо ала келүү жетиштүү.

Келишим түзгөн абоненттер «Контракт» бонустук топтомдорунун бирин тандап ала алат:

  • Түйүн ичинде 20 мүнөт акысыз сүйлөшүүнү шарттаган мүнөттөрдүн топтомун;
  • Түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 50 акысыз SMSти камтыган SMS топтомду;
  • Интернет-трафиктин 50 акысыз мегабайтын өз ичине алган MБ топтомун.

Бардык бонустук топтомдор кошулган күндөн тарта 30күнгө чейин жеткиликтүү болот. Жагымдуу бонустардан тышкары, SIM-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү бир катар артыкчылыктарга ээ: абонент номурун мыйзамсыз колдонуудан сактайт, чалуулардын деталдоосун алуу жана жоголгон SIM-картасын тез аранын ичинде калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, келишим түзгөн абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошо алат. Акция 2015-жылдын 22-январынан 31-мартына чейин уланат.

SIM-картаңыздын катталгандыгын (оператор менен келишим түзүлгөндүгүн) тактагыңыз келсе *112# номурун териңиз.

Эскертебиз! 2015-жылдын 8-мартына чейин номурларыңызды каттоодон өткөрүүңүз зарыл.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    «Амедиатека»

  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»

  • Услуга

    «Переоформление номера»