Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттерди SIM-карталарын каттоодон өткөрүүгө чакырат

MegaCom абоненттерди SIM-карталарын каттоодон өткөрүүгө чакырат

MegaCom компаниясы, жакынкы убакытта абоненттеринин бардыгы өз SIM-карталарын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүсү зарыл экендигин эскертет. 2015-жылдын 8-мартына чейин каттоодон өткөрүлбөгөн номурлар, “Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери жөнүндөгү” КР Өкмөтүнүн токтомуна жана байланыш операторлордун лицензиялык милдеттенмелерине ылайык байланыш кызматтарынан өчүрүлөт.

SIM-картаны каттоодон өткөрүүнүн артыкчылыктары:

  • Ишенимдүүлүк жана коопсуздук. Абоненттерди персонификациялоо аркылуу укук коргоо органдары мобилдик шылуундукка байланышкан мыйзамсыз аракеттердин алдын алат.
  • Өз номурду башкаруу мүмкүнчүлүгү. Номурду ыкчам калыбына келтирүү, чалуулардын деталдоосун алуу, *500 номуру аркылуу MegaCom call–борборуна чалуу аткарып, SIM–картага убактылуу бөгөт коюу.
  • Кошумча артыкчылыктар. “Экинчи дем” кызматы боюнча берилүүчү насыянын көлөмүн көбөйтүү, персонификацияланган кызматтарга кошулуу.

SIM-картаны каттоодон өткөрүү үчүн төмөндөгүнү аткаруу зарыл:

  • *112# акысыз буйруусун терүү аркылуу SIM–картаңыздын статусун билүү. Эгерде номур каттоодон өткөрүлбөгөн болсо, MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылып, байланыш оператору менен келишим түзүү;
  • Жаныңызда инсандыкты ырастаган документтин болушу милдеттүү шарт.

Маанилүү! Келишим түзүү тартиби акысыз көрсөтүлөт. Балдар үчүн SIM–картаны ата-энеси же жакын туугандарынын бири алып, каттоодон өткөрүп бере алат. MegaCom компаниясынын жакынкы сатуу жана тейлөө борбору же фирмалык салону тууралуу “3G–каптоо аймагынын жана филиалдык түйүнүнүн интерактивдүү картасы” кызматынан пайдаланып чыныгы убакыт режиминде билүүгө болот. Толук маалыматты *400 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) номуру боюнча алууга мүмкүн.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы