Перейти на новый сайт

Data-кызматтар - мобилдик тармактын 2014-жылдагы негизги драйвери

Data-кызматтар - мобилдик тармактын 2014-жылдагы негизги драйвери

2014-жылы MegaCom абоненттери 2,5 миллиарддан ашуун мегабайтты жүктөп жана бири-бирине өткөрүшкөн

Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 2,5 эсеге көп дегенге барабар. Оператордун маалыматтарына ылайык, компаниянын кирешесинин басымдуу бөлүгү ири шаарлардагы абоненттердин эсебинен топтолсо, алыскы жана чек арага жакын жайгашкан аймактарды байланыш менен камсыз кылууга бир топ каражат жумшалат. Компаниянын техникалык адистеринин күч-аракеттери менен 2014-жылы калктуу аймакты байланыш менен камтуу 98 пайызга жетти. Белгилей кетсек, Бишкек – Ош тилкесинде радиореле байланыш линиясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2 эсеге жогорулады. Бул өз кезегинде, тармактын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого жана интернет-трафиктин тынымсыз өсүп жаткан көлөмүн өткөрүү үчүн линиянын техникалык даярдыгын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө уюлдук оператордун 3G заманбап байланышы менен Бишкек калаасы эле эмес, ири облустук борборлор да камтылган. Оператордун техникалык адистери белгилегендей, data-кызматтарын колдонуунун жогорулашы абоненттердин басымдуу бөлүгүнүн мобилдик байланышты интернет-провайдер катары пайдаланууга артыкчылык бергендигинен, MegaCom мобилдик интернетинин жеткиликтүүлүгүнөн кабар берип турат.

Трафикти пайдалануу көлөмү менен бирге, айына мобилдик интернеттин 1 гигабайтын же андан да ашык пайдаланган колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө. Бул көрсөткүч мобилдик оператордун маалыматтарына ылайык, мурдагы жылга салыштырмалуу 30 эсе өскөн. MegaCom эксперттери компаниянын абоненттеринин арасында айрыкча көп колдонулган кызматтардын тизмесин түзүшкөн. Биринчиликти адаттагыдай эле INSIDE топтомдору жана Unlim 24 кызматы алган болсо, андан соң пайдалануучулардын смартфондору үчүн атайын иштелип чыккан «Чексиз Интернет», «Чексиз Интернет 100» жана Nitro «чексиз» түркүмдөрү ээлеген. Мындан тышкары, 3,75G USB-модеми жана планшеттин жардамы менен 10 гигабайтка чейин ылдамдыкка чектөөсүз интернетке чыгууга шарт түзгөн DEVICE тарифтик планы, ТОП популярдуу интернет-кызматтардын тизмесин толуктаган.

Техникалык маалымат: Бүгүнкү күндө, MegaCom компаниясынын 3,75G технологиясындагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет Кыргыз Республикасынын калк жайгашкан аймагынын 50 пайызынан ашыгын каптайт. Өз кезегинде оператордун 3G базалык станцияларынын 50 пайызында, DC-HSDPA+ технологиясын активдештирүүгө жана абоненттерге интернетке секундасына 42 Мбит ылдамдыгын пайдаланууга шарт түзгөн экинчи жыштыктары ишке киргизилген. Компаниянын үчүнчү муундагы башка базалык станциялары, максималдуу ылдамдыгы секундасына 21 Мбит-ке чейин жеткен HSPA+ технологиясы боюнча иштейт.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы