Перейти на новый сайт
MegaCom командасы- футзал боюнча «Наристе» турниринин чемпиону

MegaCom командасы- футзал боюнча «Наристе» турниринин чемпиону

2015-жылдын 8-январында Бишкекте футзал боюнча "Наристе" эл аралык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. 3-январдан тарта Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн бул таймашка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринен турган командалар катышып, MegaCom командасы жеңүүчүлөрдүн алдыңкы сабында болду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча, уюлдук оператордун оюнчулары 6 оюнга катышып (анын ичинен 5 оюнда MegaCom командасы алдыга озуп жана 1оюнда атаандашы менен тең чыкты), финалдык оюнда «Азия Данко» курама командасы менен болгон таймашта 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Команданын капитаны Олег Гевленко турнирдин мыкты бомбардири болуп табылгандыгы да кубандырбай койбойт. Курамын жаш курагы 45тен жогору болгон ардагерлер түзгөн 17 команданын арасында мыкты оюн көрсөтө алышты.

Футзал боюнча «Наристе» эл аралык турнирин өткөрүү салтка айланып калгандай. Үстүбүздөгү жылы иш- чарага күч жана жарандык түзүмдөрүнүн 35тен 45 жашка чейинки оюнчуларынан турган 46 команда катышып, спортчулар төрт категориядагы медалдар үчүн күч сынашты. Футболдук турнир мамлекеттик түзүмдөрдөгү 35 жаш курактан өткөн мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагерлердин арасында сергек мүнөздөгү жашоону жайылтуу максатын көздөгөн.

MegaCom өз кызматкерлеринин спорт жаатындагы жетишкендиктери менен сыймыктанат жана аларды кезектеги жеңиши менен куттуктайт. Алдыңкы уюлдук оператор Кыргызстандагы футболдун өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. «Mega Футбол» долбоорунун алкагында Каракол, Баткен жана Ош шаарларында кичи футбол аянтчалар курулуп, Талас шаарынын борбордук стадионунда оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлгөндүгүн кошумчалай кетүү абзел. 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • Планер

    кызматы