Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин ыраазычылык катына арзыды

MegaCom Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин ыраазычылык катына арзыды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Эл аралык электр байланыш уюмунун мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин көрсөтүүдөгү колдоосу үчүн MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдирди. Кеңешке шайлоо 2014-жылдын 20-октябры - 7-ноябрында Корея Республикасынын Пусан шаарында болуп өткөн Эл аралык электр байланыш уюмунун Ыйгарым укуктуу конференциясынын жүрүшүндө ишке ашты.

«Компания кызматкерлеринин жигердүү аракеттери аркылуу Кыргызстандан барган өкүлдөр конференцияда жогорку жетишкендиктерге жетишип жана мыкты жыйынтыктарды көрсөтө алышты. MegaCom компаниясы өлкөбүздүн байланыш тармагынын эл аралык деңгээлдеги ордун бышыктады», - деп айтылат ыраазычылык катында.

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы телекоммуникация тармагынын жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. 2011-жылдан тарта, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен БУУ алдындагы Эл аралык электр байланыш уюмунун бирден-бир мүчөсү болгон уюлдук оператор КРдин ЭБУнун курамына кирүү демилгесин колдоого алган. Ири мобилдик оператор мамлекетибиздин ЭБУнун конференцияларына жана съезддерине жыл сайын катышуусун шарттап, дүйнөлүк коомчулук алдында өз мекенин позитивдүү өңүттөн көрсөтүүгө өбөлгө түзүп жана өлкөбүздүн байланыш технологияларын өнүктүрүүнү байма-бай колдоп келет.
 

Сунушталган кызматтар

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы