Перейти на новый сайт
MegaCom: Жаңы жылдык жүктөмгө даяр!

MegaCom: Жаңы жылдык жүктөмгө даяр!

MegaCom жаңы жыл түнүндө чалуулардын, кабар жана SMS-билдирүү алмашуулардын саны көбөйүшүнө тармактын даяр экендигин билдирет. Тармакка ашыкча жүктөм болгон шартта да үн трафигин өткөрүү үчүн каналдарды максималдуу түрдө оптималдаштыруу боюнча техникалык иштери жүргүзүлгөн.

Адаттагыдай, тармактын ашыкча жүктөмү 31-декабрдын саат 23:00дөн баштап 1-январдын саат 01:00гө чейин болуусу күтүлүүдө. Буга байланыштуу, ашыкча жүктөм шартында тармактын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, төмөндөгү кезек менен айрым кызматтар жана USSD-буйруулардын аракети убактылуу токтотулат:

26.12.2014-ж. саат 09:00дөн 08.01.2015-ж. саат 06:00гө чейин тейлөө сапаты боюнча USSD-сурамжылоо
26.12.2014-ж. саат 00:00дөн 02.01.2015-ж. саат 00:00гө чейин «Ачык эсеп» кызматы
30.12.2014-ж. саат 10:00дөн 01.01.2015-ж. саат 14:00гө чейин «Ким чалды?» кызматы
31.12.2014-ж. саат 09:00дөн 01.01.2015-ж. саат 06:00гө чейин «Mega БОНУС» лоялдуулук программасы боюнча топтолгон баллдарды бонустук топтомдорго алмаштыруу
31.12.2014-ж. саат 09:00дөн 02.01.2015-ж. саат 00:00гө чейин «Туулган күнгө белек» лоялдуулук программасы боюнча бонустарды берүү жана SMS-маалымдоо.

Ал эми, жаңы жыл түнү жакындар менен чалышууга жардам берүүчү пайдалуу кеңештери менен MegaCom компаниясынын техникалык адистери бөлүшүштү:

  • Эгерде чалуу маалында туташуу убактысы узак болсо, абонентке кайра чалганга караганда линияда күтүү зарыл. Себеби, коммутатор чалууну электрондук кезекке коюп, орун издеп жатат жана сөзсүз табат.
  • Түйүн же абонент бош эместигинин айырмасын билүү зарыл. Майрам күндөрү көп учурларда оператордун түйүнү эмес, абонент бош эмес болот. Ошол себептен, эгерде абонент бош эмес болсо, ага SMS жазууну сунуштайбыз. Абонент SMS-билдирүүнү кабыл алып Сизге байланышка чыгат.
  • Чалуу күтүүсүз үзүлгөн учурда, ошол замат кайры чалууну аткарбастан, 15-20 секунда күтүңүз. Аталган убакыттын ичинде, абоненттин телефону жана оператордун тармагы аракетте болгон чалууну токтотуп, жаңы чалууну кабыл алууга даяр болот. Көптөгөн чалуулар, түйүнгө жетпестен, телефондун чалууну кабыл алууга даяр эместигинен ишке ашырылбайт.
  • Тармактын тескөөлөрүндө үн байланыш жана SMS жөнөтүү кызматтарына артыкчылык берилген. Башкача айтканда, эгерде чалууларды аткарууга тармактын сыйымдуулугу жетишпеген учурда, берилиштерди өткөрүү (Интернет) каналдарынын кеңдиги автоматтык түрдө азаят. Ошол себептен, жалпы байланыш каналына болгон жүктөмдү азайтуу үчүн телефондогу берилиштерди өткөрүү функциясын өчүрүү зарыл. Аталган аракеттер бардык абоненттер үчүн оңой чалышууга шарт түзөт.
  • Куттуктоолорду узакка калтырбаңыз. Жакындарыңызга маанилүү жана жылуу сөздөрдү айтууга жетишүү үчүн куттуктоолорду эртең менен же Жаңы жылга жарым саат калганда айта баштаңыз!

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун жаңы жылдагы иштөө убактысын бул жерден билүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы