Перейти на новый сайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн премьер-министри Жоомарт Оторбаев I Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун уюштуруу жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн КРдин Өкмөтүнүн атынан MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди. MegaCom көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 2014-жылдын 9-14-сентябрларында болуп өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун өткөрүүгө башкы өнөктөш болгондугу коомчулукка маалым.

Бул уникалдуу долбоорду ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөткөн уюмдардын өкүлдөрүнө жана мекенчил инсандарыбызга урмат көрсөтүү максатында уюштурулган салтанаттуу кечеде MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго ыраазычылык каты тапшырылды. Алдыңкы мобилдик оператордун дарегине жолдонгон ыраазычылык катта мындай деп айтылат:
« I Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун өткөрүүнүн алкагында көмөк көрсөткөндүгү үчүн «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирет. Биз Сиздин жашаган ишиңизди жогору баалайбыз жана мындан аркы ишиңизге албан ийгиликтерди, майтарылбас күч-кубат каалайбыз».

Айтмакчы, иш-чараны уюштуруучу топтун мүчөлөрү MegaComду өзүнүн мобилдик оператору катары тандашты. Өз кезегинде байланыш оператору иш-чара өткөрүлгөн аймакта жаңы базалык станцияларды орнотуу жана тармактын сыйымдуулугун жогорулатуу жолу менен уюштуруучуларды ишенимдүү байланышты, Интернетке жеткини камсыз кылып жатты. КРдин Президентинин эгидасы алдында өткөрүлгөн дүйнөлүк маанидеги маданий иш-чарага татыктуу маани берилип, ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөндүгү кубандырат.

MegaCom түрк тилдүү мамлекеттердин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    «MegaMusic для себя»

    icon
  • Услуга

    «SMS/PUSH-рассылка от MegaCom»

  • Услуга

    Доверительный платеж