Перейти на новый сайт

MegaCom: телекоммуникациялар тууралуу мультсериалды эми онлайн көрүңүз.

MegaCom: телекоммуникациялар тууралуу мультсериалды эми онлайн көрүңүз.

MegaCom компаниясынын демилгеси менен даярдалган «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» деген аталыштагы 3D форматындагы мультфильмдин бардык серияларын эми онлайн көрө аласыз. Мультфильм компаниянын расмий сайтынын Мобилдик сабаттуулук сабактары бөлүмүндө жайгаштырылган. Мындан тышкары YouTube сайтында орус тилинде жана super.kg порталында кыргыз тилинде жеткиликтүү.

Бүгүнкү күндө замандаштарыбыз өз жашоосун мобилдик технологияларсыз элестете албай тургандыгы баарыбызга маалым эмеспи. Мобилдик телефондор, смартфондор, планшеттер менен колдонгондордун басымдуу бөлүгү мектеп окуучулары экендиги талашсыз. Бирок кичине балдар мобилдик шылуундардын торуна түшүп калуусу же интернет ааламына саякат кылууда өзүнө ылайыксыз сайттарга туш келип калуусу мүмкүн. Мультфильм MegaCom компаниясынын тапшырыгы менен даярдалып, “Сактансаң сактаймын” демекчи, мобилдик шылуундуктун курмандыгы болуп калуудан сактануу жана уюлдук телефонун уурдап кетүүдөн сактоонун жолдору, мобилдик жүрүм-турум эрежелери жана уюлдук байланыштын иштөө принциптери жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен баяндалат.

Өз абоненттеринин коопсуздугун камсыздоо максатында, MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчилигинин алкагында калктын мобилдик сабаттуулук билимин жогорулатууга багытталган сабактарын туруктуу негизде демилгелеп келет. Оператордун адистери алыскы айылдарда, студенттер менен жолугушууларда, буга чейин «MegaБилим» долбооруна кирген 143 мектепте мобилдик сабаттуулук сабактарын байма-бай өткөрүп келет.

«Өлкөбүздө аталган сабактарды өткөрүүгө кызыкдар болгон мектептердин саны арбын,бирок алардын бардыгында мындай сабактарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, биз мектептердеги факультативдик сабактардын алкагында мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүүнү сунуштамакчыбыз. Компаниянын сайтынан мультфильмдин өзүн жана анын бетачарын жүктөп алууга болот. Мындан тышкары, «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин адистери тарабынан аймактык окуу жайларында көрсөтүү үчүн сунушталган», - деп белгилеп өттү MegaCom компаниясынын Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Твой номер» и «Бронирование номера»

  • Услуга

    «Ты где?»

  • Услуга

    MegaKassa

  • Услуга

    «USSD-Меню: Мобильный портал»