Перейти на новый сайт
MegaCom белгилүү үналгыларынын эфиринде белектерди ойнотууда

MegaCom белгилүү үналгыларынын эфиринде белектерди ойнотууда

MegaCom компаниясы белгилүү үналгылардын эфирлеринде кепилденген белектерди ойнотуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт. Каалоочулардын бардыгы акысыз топтомдорду- интернет-трафикти же SMS-билдирүүлөрдү утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Радиооюндун эрежелери эң жөнөкөй: радио угуучулар бир ай ичинде, тагыраак айтканда 31-декабрга чейин белгиленген убакытта «Европа Плюс», «Кыргызстан Обондору», «Ретро FM», «Тумар» же «Хит FM» үналгыларына чалып, алып баруучунун суроолоруна туура жооп берип, MegaComдон интернет-трафиктин акысыз мегабайттарын же SMS-билдирүүлөрүн ала алышат.

Ал эми LIKE тарифи тууралуу толук маалыматты билүү Сиздин утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгүңүздү бир кыйла жогорулатмакчы. LIKE тарифи соцтармактарга күнүгө акысыз жетки алууну каалагандар үчүн абдан ыңгайлуу экендигин белгилей кетели, аталган тарифтик пландын алкагында абоненттерге күнүгө 20 МБ интернет-трафик бонус катары берилет. Күнүгө 20 МБ – бул абоненттин каалоосу боюнча WhatsApp аркылуу 130 сүрөт, 7 ырды жүктөп угуу, 100 үн билдирүүсү же жогорку ылдамдыкта эки видео клипти көрүү мүмкүнчүлүгү! Мындан тышкары, LIKE тарифинин абоненттери күнүгө түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон 20 SMSти жана 20 мүнөттү болгону 5,95 сом аркылуу ала алышат.

Улуттук мобилдик оператордун радио оюнунда жеңилгендер болбойт. Катышуучулар туура эмес жооп берген учурда да аларды кепилденген кызыктыруучу белектер күтөт.

MegaCom компаниясынын радио утуш оюну- жагымдуу маанай жана эфирдеги белектер ташкыны!

LIKE тарифи – сага жагат!

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «Живой Баланс»

  • Услуга

    «4 языка»

  • Услуга

    Сервисные и экстренные службы

  • Услуга

    «Обмен номера»