Перейти на новый сайт

MegaCom: Караколдо 2014-2015-жылдагы тоо-лыжа сезону ачылды!

MegaCom: Караколдо 2014-2015-жылдагы тоо-лыжа сезону ачылды!

Салтка айлангандай эле, MegaCom уюлдук оператору кышкы спортко кызыккандарга жана таза абада эс алууну сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, «Каракол» лыжа тебүү базасында мааракелик онунчу кышкы сезондун расмий түрдөгү ачылышына демөөрчү болду. Салтанаттуу иш-чара слалом-гигант боюнча лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында өткөрүлгөн таймаш менен коштолду.

Аталган эс алуу жайы көз уялткан күн нурларына чулганган таза абада эс алууну сүйгөндөрдү кучак жая тосуп алды. Сезонду ачуу аземинин алкагында лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында спорттун эки түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке жүздөгөн спортчулар катышып, ал эми суроо- жооп таймашы жана эстафеталар эс алуучулардын көңүлүн өзүнө бурду.Таза абада жаңырган уккулуктуу музыканын коштоосундагы мындай конкурстарга катышып жаткан спортчулардын жаш курагына, мыкты же тажрыйбасыз экендигине чектөө коюлбастан, каалагандар катышып жатышты.

Мелдеш соңунда бардык жеңүүчүлөрдүн ысымдары аныкталды. Лыжа тебүү боюнча мырзалар арасында 1-орунду Олег Трубенко, айымдар арасында Эльвира Халиулина ээлеп, сноуборд боюнча Алексей Репин жана Алина Харитонова мыктылардын катарын толукташты.Мыкты спортчулар Megacom компаниясынын директору Азат Базаркуловдун өз колунан атайын байгелерди: шлемдерди, лыжа жана сноуборд салынуучу атайын каптарды, бут кийимдерди, баш кийимдерди, мээлейлер үчүн баштыкчаларды жана фирмалык азембелектерди алышты.

Тоо койнунда өткөн спорттук мелдештерден ырахат алууну каалагандар Кыргызстан эле эмес, коңшу Казакстандан, Өзбекстандан,Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн да келишкен. Улуттук байланыш оператору беш жыл катары менен Борбордук Азияда эң мыкты деп саналган лыжа тебүү базасындагы кышкы сезондун ачылышына башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп жана бул жерге эс алганы келген чет элдик коноктор, MegaComдун бардык абоненттери ар дайым сапаттуу уюлдук байланыш жана ыкчам Интернет менен камсыз болуп туруусуна туруктуу негизде көңүл буруп келет.

Ачылыш азем тууралуу толук фотобаян менен Facebook социалдык тармагындагы компаниянын атайын баракчасынан таанышууга болот.

MegaCom — спорт жана сергек жашоо үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Детализация вызовов»

  • Услуга

    «Запрет коротких SMS номеров» и «Запрет коротких IVR номеров»

  • Услуга

    Киоск

  • Услуга

    Отказ от SMS-рассылок