Перейти на новый сайт
MegaCom «Билим берүү» акысыз опциясын ишке киргизди

MegaCom «Билим берүү» акысыз опциясын ишке киргизди

MegaCom компаниясы, абоненттик төлөмсүз жана нөлдүк трафик каралган, «Билим берүү» жаңы акысыз тарифтик опциясын ишке киргизгендиги тууралуу билдирет! Жаңы опция абоненттерге codecademy.com, zero.wikipedia.org жана m.wikipedia.org. үйрөтүүчү атайын интернет-ресурстарынан окуу үчүн пайдалуу материалдарды акысыз табууга шарт түзөт.

Аталган ыңгайлуу жана пайдалуу тарифтик опциянын жардамы менен, MegaCom’дун абоненттери өз мобилдик телефонунан пайдаланып, каалаган ыңгайлуу убакытта эффективдүү өз алдынча билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. «Билим берүү» тарифтик опциясында нөлдүк трафик менен билим берүү түйүндөрүнө акысыз жетки алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Маселен, codecademy.com аркылуу өлкөбүздүн бардык аймактарындагы абоненттер программалоо тилин өз алдынча үйрөнө алышат. Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн аталган билим берүү интернет-ресурсу кыргыз тилине которулган. Ал эми, zero.wikipedia.org жана m.wikipedia.org сайттарында кеңири медиатекаларда зарыл болгон кызыктуу жана пайдалуу окуу материалдары жайгаштырылган.

MegaCom’дун абоненттери *455*1# акысыз кыска номурун терүү аркылуу «Билим берүү» тарифтик опциясын кошуп, жаңы опциянын чектелбеген мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алышат. Опция MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.

MegaCom – сапаттуу билим жана билимдүү жаштар үчүн!


 

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы