Перейти на новый сайт

MegaCom’дун кийин төлөнүүчү роуминг кызматы жаңы тармактарда

MegaCom’дун кийин төлөнүүчү роуминг кызматы жаңы тармактарда

MegaCom роумингдеги жаңы операторлордун тармактарында кийин төлөнүүчү роуминг кызматын ишке киргизди: 2014-жылдын 18-ноябрынан тарта Taiwan Mobile Co. Ltd (Тайвань) жана 2014-жылдын 26-ноябрынан тарта Vodafone Omnitel N.V. (Италия).

MegaCom абоненттери эс алуу же ишкер саякат кылуу маалында, өз номурун алмаштырбастан, туугандары жана жакындары менен дайым байланышта боло алышат. Роумингдеги төлөмдөрдү аткаруунун ыңгайлуу жолу жана үнөмдүү тарифтик пландар үй тармагында жүргөндөй эле жакындарыңыз менен баарлашууну шарттайт.

Дүйнөнүн кайсы гана булуң-бурчунда болбосун абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылууну көздөгөн MegaCom компаниясы роуминг кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн санын көбөйтүүгө орчундуу маани берип келет. Кызматтардын тарифтери, өлкөлөрдүн жана операторлордун тизмеси менен MegaCom’дун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана компаниянын расмий сайтынын Роуминг бөлүмүнөн таанышууга болот.

MegaCom – чексиз баарлашуу!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    NITRO

  • Услуга

    SmartBook

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    «Интернет роуминг»