Перейти на новый сайт

MegaCom жаңы ачылыштарга дем берип, ийгиликке чыйыр салат

MegaCom жаңы ачылыштарга дем берип, ийгиликке чыйыр салат

MegaCom компаниясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Жаңыдан пайдубалы түптөлө баштаган бул баскыч өз ичине коммерциялык, техникалык көрсөткүчтөрдү, өлкө боюнча саны арбып жаткан тейлөө борборлорун, жаңычыл багыттагы кызматтарды өз ичине камтуу менен бирге, улуттук кызыкчылыктарга негизделген баалуулуктарды да көз жаздымда калтырбай келет.

Бүгүнкү күндө компаниянын акцияларынын 100 пайызы Кыргыз Республикасына таандык болуп, улуттук мобилдик оператордун расмий макамын сыймык менен алып жүрөт. Бул болсо, компаниянын ар бир сомунун эсебинен бюджеттик казынага киреше түшөт дегендикке жатат. MegaComду өз мобилдик оператору катары тандоо менен, мекендештерибиз сапаттуу жана заманбап байланышты гана тандабастан, өлкө келечегине өз салымын кошуп жаткандыгын да белгилей кетүү абзел.

Компаниянын пландары Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган- республикабыздын түндүк жана түштүк аймактарын була-оптикалык байланыш линиясы аркылуу байланыштыруу мерчемделүүдө. Мындай кадам өлкөбүздүн телекоммуникациялык секторун дагы бир сапаттуу деңгээлге көтөрө тургандыгы бышык. Жалпы мекенибизди кучагына алган технологиялык тармак аркылуу биз жакын адамдар менен баарлашуу кубанычын тартуулап, ийгиликтерге жетүүгө чыйыр салып, жаңы ачылыштарга дем берип, бийиктиктерди багынтууга көмөктөшөбүз.

Компаниянын өнүгүү жолун чагылдыруу максатында тартылган видеороликте ар бир мекендешибиздин жан дүйнөсүн байырлаган каада-салттар, мекенине болгон сүйүү, жакындары менен баарлашуудан ырахат алуу сыяктуу баалуулуктар камтылган. Мындай баалуулуктар эзелтеден эле меймандостугу менен даңазаланып келген көп улуттуу калкыбыздын ынтымагын ширетип, бир бүтүн мамлекетке айландырат. MegaCom болсо өз кезегинде заманбап технологиялардын жардамы менен бул бүтүндүктү ажыратпай бекемдеп келет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    «Регистрация SIM-карты»

  • Услуга

    «Запрет коротких SMS номеров» и «Запрет коротких IVR номеров»

  • Услуга

    «MegaMusic для себя»

    icon