Перейти на новый сайт

MegaCom кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды топтоо кампаниясына катышты

MegaCom кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды топтоо кампаниясына катышты

MegaCom уюлдук операторунун кызматкерлери, КРдин жарандарын биометрикалык каттоо боюнча ишке ашырылып жаткан Улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлгөн иш-чарага жигердүү катышышты. Компаниянын башкы кеңсесинде атайын мобилдик пункт түзүлүп, компаниянын кызматкерлери 5мүнөттөн ашпаган убакыттын ичинде өзү тууралуу маалыматтарын тапшырып жатышты.

Өлкөбүздүн ар бир жараны мындай каттоодон өтүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарына кайрылуусу керек. Өзүнүн жанында паспорттун болушу гана жетиштүү. Толук маалыматты 0312 301099 телефону боюнча алууга болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бул маалымат базасы жарандардын мамлекеттик кызматтардан ыңгайлуу пайдалануусун шарттайт. Топтолгон маалыматтар шайлоо өткөрүүдө, социалдык камсыздоо жана бааргерлерди каттоодон өткөрүүдө, чет мамлекеттерге чыгууда жана башка жагдайларда керек болот. Маалыматтардын биометрикалык базасы- заманбап талаптарга шайкеш, жаңы технологияларга негизделген мамлекетти курууга ташталган алгачкы кадам.

Сунушталган кызматтар

  • Астрология

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы