Перейти на новый сайт
MegaCom Студенттер күнү менен куттуктайт

MegaCom Студенттер күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы Кыргызстандын бардык студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайт. Студенттик күндөр- жаштык жигердин, ишенимге сугарылган жаркын максаттардын маалы.

Бүгүнкү күндө компаниябыздын Кардарларды колдоо департаментинде 39пайыздан ашуун жогорку окуу жайлардын студенттери эмгектенсе, ал эми тейлөө бөлүмдөрүндөгү окуусун жумушу менен айкалыштырып келе жаткан кызматкерлерибиздин 36 пайызын студенттер түзөт. MegaCom BarCamp, TEDex, «Акыл Батл» сыяктуу бир катар билим берүү долбоорлорго колдоо көрсөтүп, IT-адистеринин жолугушууларын - хакатондорду да өткөрүп келүүдө.

 

Компаниянын адистери «ЖОЖдордогу кесиптик семинарлар», «Бош орундар жармаңкеси» долбоорлорунун алкагында студенттер менен байма-бай жолугушууларды өткөрүүнү да салтка айландырган.
Студенттик күндөр жашоонун эң кызыктуу, унутулгус көз ирмемдери менен гана байланыштуу болбостон, жоопкерчилик менен да байланыштуу экендиги да талашсыз. Келечек жашооңдогу ийгиликтердин пайдубалы дал ушул мезгилде түптөлүп, кесибиңди туура тандоо үчүн багыт берилет. Азыркы учурда Кыргызстанда 300 миңден ашуун студент билим алып, өз өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн салымын кошууга даярдык көрүүдө.

 

MegaCom студенттердин бардык максаттарынын ишке ашуусуна тилектештигин билдирет жана окууларына ийгиликтерди каалайт!

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы