Перейти на новый сайт
Беловодское айылында MegaCom Тейлөө борборунун майрамдык ачылуу аземи өттү

Беловодское айылында MegaCom Тейлөө борборунун ачылуу аземи болуп өттү

Бүгүн компаниянын кезектеги абоненттерди тейлөө борбору Беловодское айылында ачылды. Майрамдык иш -чара шаңдуу оюн-зоок программа, ыр-бийлер жана мобилдик оператор тарабынан даярдалган жагымдуу белектер менен коштолду.

Ыңгайлуу жайгашкан жаңы кеңседе абоненттер үчүн MegaCom кызматтарынан пайдаланууга бардык шарттар түзүлгөн. MegaCom абоненттери «Беловодское» тейлөө борборунан SIM-картаны каттоодон өткөрүү, эсебинин жана чалуулардын деталдоосун алуудан тышкары оператор сунуштаган башка кызматтардын толук түркүмү менен пайдалана алышат.

Акция: Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрынан тарта 5-ноябрга чейин, Беловодское айылындагы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунан өз балансын 50 сом же андан ашык каражатка толуктаган абоненттерге MegaCom түйүнүнүн ичинде баарлашуу үчүн акысыз 50 СМСти 10 күнгө белекке берилет.

MegaCom компаниясынын аталган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору Беловодское айылы, Фрунзе көчөсү, 128 («Абсолют» дүкөнүнүн жанында) дареги боюнча жайгашкан жана күнүгө саат 8:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз жана тыныгуусуз өз кардарларын күтөт.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы