Перейти на новый сайт
MegaCom байланышы учактарда жана круиздик лайнерлерде

MegaCom байланышы учактарда жана круиздик лайнерлерде

MegaCom компаниясы Aeromobile тармагы аркылуу өз абоненттерин абада да байланыш менен камсыздаган Кыргызстандагы алгач мобилдик оператор. Эми оператордун абоненттери Wireless Maritime Services технологиясынын жардамы менен, круиздик кемелерде жана океан кайыктарында, дүйнөнүн 100дөн ашуун операторлорунун тармактары аркылуу «Кийин төлөнүүчү роуминг жана GPRS-роуминг» кызматтарынан пайдалана алышат.

Деңиз жана океан кемелеринде коюлган атайын жабдуунун жардамы менен, MegaCom абоненттери өз номурларын алмаштырбастан, сапаттуу, коопсуз мобилдик байланыш жана мобилдик интернет кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүгүнкү күндө, MegaCom өлкө аймагынан сырткары абада да жана сууда да өз абоненттерин байланыш менен камсыз кылган Кыргызстандагы жалгыз байланыш оператор. Роуминг кызматтарын кошуу жана кызмат тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн эң жакын жайгашкан MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылууга болот. Мындан тышкары, маалымат менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга мүмкүн.

MegaCom – чексиз роуминг!

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы