Перейти на новый сайт
MegaCom илим жана технология фестивалына чакырат

MegaCom илим жана технология фестивалына чакырат

Кыргызстанда алгачкы жолу илим менен технология чөйрөсүндөгү «Tech and Science Fest» фестивалы өткөрүлүп, катышуучулар үчүн ар бир экспонат сенсация болмокчу. 2014-жылдын 8-9-ноябрында өткөрүлө турган иш-чаранын башкы демөөрчүсү – MegaCom компаниясы.

                       

«Tech and Science Fest» Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Эки күн бою чогулгандарга илим жана технологиялар тармактары боюнча жетишкендиктер көрсөтүлөт. Шаарыбыздын тургундары жана меймандары колдун учу менен бир жанып өтүү аркылуу электрондук төлөмдөрдү аткаруу, учкучсуз дрондор, робот-жардамчылар, 3D-калемсаптар, үч өлчөмдүү басып чыгаруу функциясы менен принтер, виртуалдуу реалдуу туулга, электрондук гаджеттер сыяктуу жаңы технологияларга күбө болуп гана тим болбостон, илимий тажрыйбаларга катышууга да мүмкүнчүлүк алышат.

«MegaCom жогорку технологияны жайылтып келет. Кечээ эле кол жеткистей сезилген жогорку технологияларды чогулгандарга тартуулаганы турабыз. Уюлдук оператордун жигердүү ишмердүүлүгүнүн жемиши болгон «Mega Билим», «Мобилдик сабаттуулук сабактары» сыяктуу бир катар жеке долбоорлорубуз билим берүү тармагын колдоонун алкагында ийгиликтүү иш жүзүнө ашырылып келет. Бул фестиваль мекендештерибиздин илимге, чыгармачылыкка жана интеллектуалдык баарлашууга болгон кызыкчылыгын арттырат деген терең ишенимдебиз», - деп белгилей кетти компаниянын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Иш-чара тууралуу толук маалымат менен сайттан таанышууга болот.

MegaCom – жаңычылдыкка жана өнүгүүгө чыйыр салат!

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы