Перейти на новый сайт
Бишкектиктерге музыкалык белек

Бишкектиктерге музыкалык белек

MegaCom уюлдук оператору ордо калаанын тургундары жана коноктору үчүн “Бишкек шаарым” деп аталган музыкалык белек тартуулаганы турат. Чыгарманын автору жана аткаруучусу- жаш, таланттуу музыкант, вокалдык студиянын жетекчиси, көптөгөн ардактуу наамдардын ээси, өз мекенин сүйгөн Бишкектин тургуну Евгений Иванов.

- Евгений, мекениңиз жана сүйүктүү Бишкек шаарыңызга арнап ыр жазуу идеясы кантип жаралды?

- Көптөн бери эле, шаарыма арнап ыр жаратсам деген ой бар болчу, аны жаратуу менен шаарыма болгон сүйүүмдү билгизгим келчү. Чыгармачыл адамдарда жакшы ой-толгоо пайда болгондо айланасындагылар менен бөлүшкүсү келет эмеспи. Мен төрөлүп өскөн шаарым жөнүндө ырдын алгачкы саптары убакыттын өтүшү менен жаралып жатты, кийин ыр саптары даяр болгондо аны обондоштурсам деген кыялдануу пайда болду. Мен Кыргызстандан башка мамлекетте өз жашоомду элестете албайм, жеримди, мында жашаган элди урматтап сыйлайм. Мен музыкант болгондуктан, аз да болсо ошол сүйүүмдү бул ыр менен жеткирүүгө аракет кылдым. Ар кандай музыкалык сынак жана фестивалдарга катышуу үчүн башка мамлекеттерге тез чыгып турам, ал жактагы жашоону жана элин көрүп салыштырам, ооба жакшы жактары бар, бирок Бишкек шаарымдан, мекеним Кыргызстандан жана мекендештеримден башкаларды жогору коё албайм.

MegaCom компаниясы менен кантип кызматташып калдыңыз?

- Ырдын тексти даяр болгондон кийин, аны кыргыз тилине которууга, аранжировкалоого, студиядан жаздырууга каражат талап кылынары бышык эмеспи, мен дагы ушул маселеге келип такалдым. Тилегимди толугу менен ишке ашыруу үчүн MegaCom компаниясына кызматташуу боюнча кайрылдым. Учурдан пайдаланып улуттук мобилдик операторго ыраазычылыгымды билдирем, Мегакомдун колдоосу менен ырды жаратууга мүмкүн болду. Таланттуу жаштарды колдоп, коомчулукту мекенчилдикке үндөп маданият жана спортту өнүктүрүүгө салым кошкон компаниялар бар экендиги мени кубантат.

- Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз

- Учурда “Бишкек шаарым” ырымдын орусча варианты даяр болуп калды, бир аз өзгөртүү киргизүү гана керек. Кыргызча вариантынын үстүндө иштеп жатабыз, эскерте кетсем ырды мамлекеттик тилге которуунун үстүндө тажрыйбалуу лингвист адис иштеди. Ал эми алдыда көптөгөн ыр фестивалдарга барып катышуу пландарым бар, эл аралык аренада –Кыргызстан орошон таланттардын турагы экендигин далилдеп, көптөгөн сыйлыктарды алып келүүгө аракет кылам.

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы