Перейти на новый сайт

Карысы бардын ырысы бар

Карысы бардын ырысы бар

Бүгүн, 1-октябрды- Карылардын эл аралык күнүн утурлай, салтка айлангандай эле, Кыргыз Улуттук консерваториясында MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согушуна катышкан, Ленинград блокадасына кабылган, оорукта эмгектенген жана концлагерлердин туткундары болгон 200 ардагер үчүн салтанаттуу кече уюштуруп, саамайын ак бубак аралаган карыларыбызга дагы бир ирет сый-урматын көрсөттү.

Студенттер тарабынан даярдалган майрамдык концертте аскер ырлары жаңырып, чогулгандардын көз алдында согуш кезеңиндеги жашоосунун тасма сыяктуу өтүп жаткандыгы ар бир ардагердин жүзүнөн байкалып турду. Алар сүйүктүү обондорду коштой ырдап, ал гана эмес бийлеп да жатышты. Мындай иш-чаралар жолугуп, баарлашып, жаштык кезин эстеп, жаңылыктары менен бөлүшүп турганга эң жакшы мүмкүнчүлүк экендигин ардагерлер толкундануу менен айтып жатышты.

Улуттук уюлдук оператордун жетекчилиги улуу муундун өкүлдөрүнө куттуктоо жолдоп, аларга эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулашты. Салтанаттуу иш-чара аяктагандан соң ар бир ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлүп, атайын микроавтобустар менен үйлөрүнө жеткирилди.

Сөзүбүзгө аралжы, жогоруда саналып өткөн категорияга кирген ардагерлерге жардам көрсөтүү компаниянын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарына кирет. Өз мекенин коргогон 1000 ардагерге жыл сайын 9-майда жана 1-октябрда көрсөтүлүүчү каржылык жардамдын өлчөмү 4 миллионду түзөт.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы