Перейти на новый сайт

MegaCom: Мобилдик шылуундардын алдамчылык аракеттеринен сак болуңуз!

MegaCom: Мобилдик шылуундардын алдамчылык аракеттеринен сак болуңуз!

MegaCom компаниясы телефондук шылуундуктун көп кездеше баштагандыгы тууралуу дагы бир жолу өз абоненттеринин эсине салат. Шылуундар алдамчылык жол менен абоненттин акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууну көздөшкөндүгү баарыбызга маалым.

Шылуундар үчүн алдамчылык аракеттерин ишке ашыруу оңой — сизге баалуу байгени утуп алгандыгыңыз тууралуу чалып же смс-билдирүү жөнөтүү аркылуу билдиришет. Байгени алуу үчүн кайсы бир номурдун балансын толуктоо керек экендигин эскертишет. Убада кылынган байгенин жоктугу белгилүү дечи, бирок ишенчээктигиңиздин айынан алданып кала тургандыгыңыз шексиз. Шылуундар алдамчылыктын дагы бир ыкмасын өздөштүрүп алып, өз тажрыйбасында колдонуу менен алдамчылыктын торун кеңири жайып келишүүдө. Эгерде бейтааныш адам чалып сизден бир туугандарыңыз берип жиберген жөнөтмөнү(посылканы) алып кетүүңүздү жана ортомчулугу үчүн анын балансын толуктап берүүңүздү суранса, Сизге шылуун чалып жаткандыгынан күмөн санабай эле койсоңуз болот.

MegaCom өз абоненттеринин маалымат жана техникалык коопсуздугуна кам көрүү менен, республикабыздын укук коргоо органдары менен биргеликте жагымсыз жагдайларды болтурбоонун аракетинде. Мындан тышкары, компанияда наркотикалык каражаттарга, интим-кызматтарга, каржы маселелерине жана кылмыштуулукка байланыштуу болгон, жана да шектүү мазмунду камтыган билдирүүлөрдү массалык түрдө жайылтууга бөгөт коюп, MegaCom абоненттерин жарнамалык жана шылуундук спамдан коргоп калууга багытталган атайын программалык камсыздоо ишке киргизилген.

MegaCom компаниясы өз абоненттерин шектүү жагдайларда кыраакы болууга жана ошол эле замат укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат. Кеңири маалымат компаниянын расмий сайтындагы «Абоненттин коопсуздугу» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «Живой Баланс»

  • Услуга

    «Постоплатный роуминг»

  • Услуга

    Статус карты авансового платежа (КАП)

  • Услуга

    «Безусловная регистрация в роуминге»