Перейти на новый сайт
MegaCom: сүйүктүү обондорду көчүрүп алыңыз жана белекке тартуулаңыз!

MegaCom: сүйүктүү обондорду көчүрүп алыңыз жана белекке тартуулаңыз!

MegaCom компаниясы, Megamusic сервисинин алкагында сунушталган, «Обонду көчүрүп ал» кызматынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз абоненттеринин эсине салат.

Эми MegaCom абонентине чалуу маалында, чакырылып жаткан абоненттин номурунда кошулган жагымдуу обонду же шайыр тамашаны оңой эле көчүрүп, өз номуруна жөнөкөй чакырыктын ордуна орнотууга болот. Бул үчүн чалуу маалында, Сиздин маектешиңиз чалууга жооп бергенге чейин өз мобилдик телефонунан «жылдызча» баскычын басуу зарыл.

Мындан тышкары, «Обонду көчүрүп ал» кызматынын колдонуучулары белгилүү обонду MegaCom’дун башка абонентине белек кылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат. Сүйүктүү обонду табуу же жакындарыңызга музыкалык белек кылуу, компаниянын сайты, *700# кыска буйруусу, IVR жана SMS-сервистеринин тескөөлөрү аркылуу ишке ашырылат.

MegaCom’дун «Обонду көчүрүп ал» кызматы аркылуу досторуңуз жана жакындарыңыз менен сүйүктүү обондор менен бөлүшүү эң оңой!
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    «Регистрация SIM-карты»

  • Услуга

    «Ваш мобильный счёт»