Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын кызматкерлери адам өмүрүнө аралжы

MegaCom компаниясынын кызматкерлери адам өмүрүнө аралжы

Бүгүн MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Респуликалык кан борбору менен биргеликте уюштурулган «Жашоо тартуулаңыз» акциясы болуп өттү.

Акциянын максаты адам өмүрүн ажалдан арачалап калган донордук канды бейтапканалар үчүн белендеп берүүгө өз салымын кошуу жана донордук кан тапшыруунун маанисин бир ирет эске сала кетүү болду десек жаңылышпайбыз.

Кан тапшыруунун алдында донордун канында уу заттардын болбогондугун, гемоглобиндин деңгээлин, канынын тобун аныктоо үчүн экспресс-анализ жүргүзүлдү. Бул күнү 70ке жакын кызматкер – жетекчилер, техникалык, административдик дирекциялардын кызматкерлери, сатуу жана башка бөлүмдөрдүн адистери ыктыярдуу түрдө кан тапшырышты.

Акцияга катышкандардын катарында алгач жолу жана буга чейин кан тапшырып келген кызматкерлер да болду. Бир нече сааттын ичинде топтолгон 35 литрге жакын кан өмүрлөрү кылдын учунда турган бейтаптарды дарылоого жумшалмакчы.

Аталган акция MegaCom компаниясынын кеңсесинде үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Ал эми, жылдан жылга өз ыктыяры менен кан тапшырган, мекендештеринин өмүрүнө кайдыгер карабаган кесиптештерибиздин саны өсүп жаткандыгы өзгөчө сыймыктанарлык.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы