Перейти на новый сайт

Сулуунун атын алыстан ук же MegaComчулар Miss World Kyrgyzstan'2014 сынагынын жеңүүчүсү болгон өз кесиптеши менен сыймыктанат

Сулуунун атын алыстан ук же MegaComчулар Miss World Kyrgyzstan'2014 сынагынын жеңүүчүсү болгон өз кесиптеши менен сыймыктанат

MegaCom компаниясынын корпоративдик жана VIP кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси Айкөл Аликжанова «Кыргызстандын сулуу айымы-2014. Таажы кийгизүү түнү» улуттук сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болду. Аталган иш-чара 6-сентябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын малахит залында өттү.

Сынакка катышкан 20 айым берилген тапшырмаларды жаңылбай жана эргүү менен аткарып жатышты. Кыз-келиндердин улуттук өзгөчөлүктөрдү камтыган, үйлөнүү тойго, кечелерге кие турган кийимдерин чеберчилик менен көрсөтуп жатышты. Мындан тышкары калыстар тобунун суроолоруна тапкычтык менен жооп берип, өзүлөрү жөнүндө кызыктуу баян куруп беришти.

Miss World Kyrgyzstan'2014 сынагын жеңип алган Айкөл Аликжанова Улуу Британияда өтүүчү Miss World'2014 сынагында өз мекенинин намысын коргомокчу. Айкөл үчүн бул биринчи жолку жеңиш эмес, ал 2012-жылы сулуу айым « Интернет KG сулуусу-2012»сынагында баш байгени утуп, Италия жана АКШ өлкөлөрүнө саякатка барып келген. Мындан тышкары, Айкөл моделдик кесипти аркалаган мыкты дизайнер, ал эми кино жаатында актриса катары да таанымал болуп келет.
«Атаандаштарым дагы күчтүү болду. Демек жеңишим татыктуу жана эки эсе жагымдуу болду.Мага ишеним арткандардын бардыгына ыраазычылык билдирем», - деп өз кубанычы менен бөлүшө кетти Айкөл.

MegaCom компаниясы өз кызматкерлеринин чыгармачыл эргүүлөрүнө колдоо көрсөтүп жана ийгиликтери менен сыймыктанат!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    "Ожидание и удержание вызова"

  • Услуга

    «Ассистент»

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге

  • Услуга

    «Связь в воздухе»