Перейти на новый сайт
MegaCom онлайн-кинотеатр тартуулайт.

MegaCom онлайн-кинотеатр тартуулайт.

MegaCom MEGOGO видео-порталы менен биргеликте онлайн-кинотеатр ачмакчы.

MegaCom «MEGOGO кинозалы» жаңы интернет-топтому – бул www.megogo.net видео-кызматында фильмдерди 2 саат бою акысыз көрүү мүмкүнчүлүгү. Эми, колдонуучулар миңдеген кино тасмаларды жана мультфильмдерди интернет-трафик үчүн төлөмсүз, онлайнда көрө алышат.

«MEGOGO кыргыз тили үчүн ылайыкташтырылган. Угуусу чектелген жарандар «Карасаң, кандай угулуп жатат!» бөлүмүнөн субтитрлер жана сурдокотормо менен коштолгон фильмдерди жана мультфильмдерди көрө алышат», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

iPad жана iPhone, Windows Phone жана Android телефондору жана планшеттери үчүн тиркемелер да колдонуучуларга жеткиликтүү болуп, MegaCom USB-модеми аркылуу персоналдык компьютерлерден жана ноутбуктардан, Smart TV функциясын колдогон сыналгылардан телеберүүлөрдү көрүүгө болот.

Көңүл буруңуз: MegaCom жаңы интернет-топтомун ишке киргизүүгө байланыштуу атайын акцияга катышууну сунуштайт. Кызматка азыр кошулсаңыз, 2 сааттык «MegaComдон OnlineTV» топтомуна 50 пайыздык арзандатууга жана «MEGOGO кинозалы» интернет- топтомуна ээ болосуз ! Бул учурда ар бир топтомду кошуунун наркы 20 сомду түзөт.

Кызматтар тууралуу толук маалымат компаниянын megacom.kg сайтында жайгаштырылган.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Киоск

  • Услуга

    NITRO

  • Услуга

    «4 языка»

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»