Перейти на новый сайт

MegaCom спортчулары кичи-футбол боюнча Алматыда өткөн мелдеште ІІ орунду ээледи

MegaCom спортчулары кичи-футбол боюнча Алматыда өткөн мелдеште ІІ орунду ээледи

MegaCom командасы 30-августта мини -футбол боюнча Алматы шаарында болуп өткөн Эл аралык турнирге катышып, ардагерлер күч сынашкан бул мелдеште байгелүү ІІ орунду ээледи.

Казакстандын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Хамит Ракишевдин жаркын элесине арналган футболдук таймашка MegaCom курамасы, казакстандык «Кайрат», «Кордай», «Кеден», «Политех» жана «ФЭД» командалары катышып, жалпысынан 6 топ жеңиш үчүн ат салышты. Спортчулардын жаш курагы 40тан жогору болду.

Финалдык оюнда MegaCom компаниясынын спортчулары алматылык «Кайрат» командасы менен беттешип,натыйжада мегакомчулар пенальти сериясынын жыйынтыгы боюнча байгелүү ІІ орунга ээ болуп, күмүш медал менен сыйланышты.

MegaCom өз кызматкерлеринин спорт жаатындагы демилгелерин байма-бай колдоп келет.

Компания жамааты сергек жашоону жайылтып, кесиптештерине үлгү көрсөтө алган,спорт жаатында ийгиликтерге жетишкен өз ардагерлери менен сыймыктанат.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы