Перейти на новый сайт
MegaCom: Like тарифи– сага жагат!

MegaCom: Like тарифи– сага жагат!

Facebook, Одноклассники, What's App, Инстаграмм, Twitter, Вконтакте, Mail.ru Agent, Мой Мир социалдык тармактарынан активдүү пайдаланасыңбы? Анда MegaCom компаниясынын "Like" жаңы тарифтик планы сен үчүн! Күнүнө болгону 5 сом 95 тыйын төлөп, социалдык тармактар үчүн бир айга 600 мегабайт , түйүн ичинде 600мүнөт жана 600 SMS ээ болосуз.

«Биз өз абоненттерибиздин жашоосунун жөнөкөй ошол эле учурда кызыктуу да болушун каалайбыз. Баарлашуубуздун басымдуу бөлүгү Интернет желеси аркылуу өтүп жаткан шарттарда, Like жаңы тарифи бүгүнкү күндүн талаптарына толук жооп бере алат. Жаңы тарифтен колдонгон ар бир абонент өзүнө керектүүсүн таба ала тургандыгына ишенем», - деп белгилей кетти өз сөзүндө компаниянын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Кызматтардан колдонууда акысыз берилген көлөмдөн ашыкча пайдаланган болсоңуз , түйүн ичиндеги SMS жана баарлашуунун бир мүнөтү үчүн болгону 0,5 сом, ал эми интернет трафиктин бир мегабайты үчүн болгону 1,95 сом төлөйсүз.

Жаңы тарифти кошуу MegaCom абоненттеринин бардыгы үчүн жеткиликтүү. Өтүү үчүн *303*37*1# (өтүү наркы 60 сом) кыска буйруусун терүү керек. Башка операторлордун абоненттери Like тарифинин комплектисин MegaCom компаниясынын Тейлөө жана сатуу борборлорунан же каалаган Фирмалык салондорунан алса болот.

Like тарифи тууралуу толук маалымат www.megacom.kg сайтында жайгаштырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы