Перейти на новый сайт

Чолпон-Ата шаарындагы кардарларды тейлөө борборунан жагымдуу жаңылык

Чолпон-Ата шаарындагы кардарларды тейлөө борборунан жагымдуу жаңылык

MegaCom компаниясынын Чолпон -Ата шаарында сатуу жана тейлөө борбору өзүнүн кезектеги туулган күнүн белгилейт. 2010-жылдан тарта абоненттерге байланыш кызматтарынын түрлөрүн көрсөтө баштаган аймактык борбор Чолпон-Ата шаарынын тургундарын жана меймандарын «Бонус SMS» атайын акциясына катышууга чакырат.

Эс алуучулардын сүйүктүү жайына айланган Чолпон-Ата шаарындагы сатуу жана тейлөө борборуна келип балансын 50сомго же андан ашык каражатка толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болушат жана MegaCom түйүн ичинде 50 акысыз смсти 10 күнгө белекке ала алышат. Бонустук смстердин санын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

“Мындан тышкары, каалаган сатуу жана тейлөө борборлорунда SIM -картаны калыбына келтирүү, чалуулардын таржымалын алуу, балансты комиссиясыз толуктоо жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Абоненттерибиз MegaCom менен келишим түзүп, персонификациялоо боюнча Мега акцияга катышып, баалуу белектердин ээси боло алышат - деп белгилей кетти компаниянын тейлөө бөлүмүнун жетекчиси Зарема Кулубаева.

Кеңсе төмөндөгү дарек боюнча жайгашкан: Чолпон-Ата ш., Совет көч., 52, иш убактысы саат 08:00дөн 19:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon
  • Услуга

    «La-La Music»

  • Услуга

    «Подарок ко Дню рождения»

  • Услуга

    Пакеты «Роуминг Онлайн»