Перейти на новый сайт

MEGACOM ISO 9001:2008 ЭЛ АРАЛЫК САПАТТЫК СТАНДАРТТАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ДАЛИЛДЕДИ

MEGACOM ISO 9001:2008 ЭЛ АРАЛЫК САПАТТЫК СТАНДАРТТАРЫНА ШАЙКЕШТИГИН ДАЛИЛДЕДИ

MegaCom компаниясы («Альфа Телеком» ЖАК) ISO 9001 боюнча сапаттык башкаруу системасынын 1-байкоо жүргүзүү аудитинин жыйынтыгы боюнча, ISO 9001:2008 эл аралык сапаттык стандартына шайкештигин далилдеп, шайкештик тастыктамасынын мөөнөтү бир жылга узартылган.

MegaCom компаниясынын сапаттык башкаруу системасынын эл аралык стандарттарга шайкештиги башкаруу системаларын тастыктоо боюнча дүйнө лидери, көз карандысыз эл аралык тастыктоо уюмунун мүчөсү (Independent International Organization for Certification), TÜV Thüringen e.V.TÜV International Certification (TIC) ири германиялык уюму тарабынан тастыкталган. Дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөлөрүнүн 100 миңден ашуун компаниялары сапаттык башкаруу системаларынын эл аралык стандарттарга шайкештигин TÜV уюмунда тастыктап келет. Ошол себептен, TÜV Тастыктамалары бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири таанымал.

Компаниянын кесипкөй адистери маалымат системаларын колдонуп келишет. Мындан тышкары, адистердин кардар таламдуулугу, ички корпоративдик маданияты , өз милдетине ырааттуулук жана жоопкерчилик менен мамиле жасоосу компаниядагы башкаруу системасынын туура жолго коюлгандыгынан кабар берет.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы