Перейти на новый сайт

MegaCom: Кыргызстандын келечеги жаштар менен !

MegaCom: Кыргызстандын келечеги жаштар менен !

12-август- Жаштардын Эл аралык күнү!

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Эл аралык Жаштар күнү менен куттуктайт.

Жаштык кез—талыкпаган изденүүлөрдүн жана жаркын үмүттөрдүн маалы. Дал ушул куракта адам тоскоолдуктарга тике карап, өзүн билим алуу, спорт, ишкердик жаатынан сынап, жетишилген ийгиликтерине маңдайы жарыла кубанат.

MegaCom компаниясынын жамаатынын басымдуу бөлүгүн жаш адистер түзөт. ”Асыл таштан, акыл жаштан” демекчи, кесипкөй жаштардын жаңычыл идеяларына сугарылып, заман талабына шайкеш кадам шилтеген уюлдук оператор телекоммуникация тармагында алдыңкы орунду ээлеп, өз абоненттерине тарифтик пландардын, кызматтардын, опциялардын кеңири түркүмүн, туруктуу жана сапаттуу байланыш кызматтарын сунуштап келет!

MegaCom компаниясы бардыгыңыздарды Жаштар күнү менен куттуктайт, ар дайым жашооңуздарды жаштык жигер коштоп жүрсүн! Мекенибиздин келечеги жаштардын колунда!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы