Перейти на новый сайт

MegaCom : 3,75G тармагы өнүгүүдө

MegaCom : 3,75G тармагы өнүгүүдө

MegaCom мекенибиздин бардык аймактарында 3G тармагын ишке киргизүүгө өзгөчө басым жасоодо. Толкунунда чабак ойногон көгүлтүр көл жээги эс алуучулардын сүйүктүү жайына айлангандыгы талашсыз. Компаниянын техникалык адистеринин талыкпаган эмгегинин натыйжасында, өткөн айдан тарта, көлдүн күңгөй тарабындагы Чолпон-Ата шаарынын, Чок-Тал, Кара-Ой, Булан-Сөгөттү, Баетов, Сары-Ой, Бактуу -Долоноту, Бостери айылдарынын жашоочулары жана меймандары сапаттуу жана ыкчам мобилдик интернеттен колдоно башташты.

                   

Мындан тышкары, тармакты өнүктүрүүнүн 2014-жылдагы планына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан КР МБАнын иш-аракеттерине ылайык MegaCom мобилдик байланышы Ош облусунун Чоң-Каракол, Кондук, Коо-Чаты, Ой-Тал, Терек жана Чычырканак айылдарында пайда болду.

Техникалык жаатта билек түрө эмгектенип келе жаткан адистерибиз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Бишкек, Нарын, Токмок жана Жалал-Абад шаарларында байланыштын туруктуулугун жогорулатууну колго алышкан.

MegaCom мобилдик байланыш оператору базалык станциялардын санын көбөйтүү жана калктын кеңири катмарын байланыш менен камсыз кылуу боюнча көч башында келе жатат. Абоненттеринин мүдөөсүн толук камсыздоо максатында компания байланыш сапатына айрыкча көңүл буруп келет.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Пауза»

  • Услуга

    «Переадресация вызова»

  • Услуга

    «Второе дыхание»

  • Услуга

    Автоинформатор о низком балансе