Перейти на новый сайт

MegaCom персонификация боюнча акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

MegaCom персонификация боюнча акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

MegaCom компаниясы номурларды персонификациядан өткөрүү акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарып, эң активдүү катышуучуларды баалуу белектер менен сыйлады.

2014-жылдын 1нен 31-майга чейин өткөрүлгөн акциянын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү 35 активистке белектер тапшырылган. Акциянын шарты боюнча эң көп “жаңы” келишимдик абоненттерди түйүнгө тартып келген, борбор калаабыздын тургундары, Татьяна Масленникова жана Лира Токонаева Samsung Galaxy Note GT-N7000 смартфонунун бактылуу ээлери болушкан. Ал эми, акциянын башка активдүү катышуучулары, Бишкек, Кара-Балта жана Нарын шаарларынын алты тургунуна Huawei Ascend Y210 чөнтөк телефондору белекке берилген.

 

Мындан тышкары, жай мезгилинде актуалдуу болгон муздаткыч-баштыктар жана кол чатырлар түрүндөгү азем белектер, уюлдук оператор менен тейлөө келишим түзүүгө көбүрөөк жакындарын жана досторун тарткан MegaComдун абоненттерине тапшырылган. Баш байгелерден тышкары, акциянын бардык катышуучулары түйүн ичинде акысыз мүнөттөр, SMSтер жана интернет мегабайттар түрүндөгү кепилденген белектерди ала алышат. Тейлөө келишимин түзгөн абоненттердин саны канчалык арбын болсо, MegaCom’дон белек алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.

MegaCom компаниясы жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана бардыгын акцияга катышып, баалуу белектерди утуп алууга чакырат!

Акция тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынын Акциялар бөлүмүнөн же *996 кыска номуру (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) же 0555390032 (башка уюлдук операторлордун абоненттеринен чалуу акысы алынат) номуру аркылуу алууга болот.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    «GoodOk»

    icon
  • Услуга

    Кто звонил?