Перейти на новый сайт

MegaCom тейлөө түйүндөрүнүн саны арбып келет

MegaCom тейлөө түйүндөрүнүн саны арбып келет

MegaCom компаниясынын абоненттерди тейлөө жана сатуу борбору Кант шаарында ачылды.

Жаңы тейлөө борбору Кант шаарын жана ага чектеш жайгашкан айылдарды жердеген абоненттерибизге уюлдук оператор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бардык түрлөрүн сунуштайт. MegaCom абоненттери персонификациялоо боюнча Акцияларга катышып, компания менен келишим түзүп жана баалуу белектерге ээ боло алышат.

 

- MegaCom персонификациялоодон өтүү үчүн абоненттерине ыңгайлуу болгон шарттарды түзүп берүүдө. Аракетибиз өз жемишин бере баштады! Күн сайын миңден ашуун абоненттерибиз персонификациялоодон өтүп жатышат. SIM-картаны каттоодон өткөрүү болжол менен 3 мүнөттөй убакытты алат. Каттоодон өтүп жаткан абоненттерге акысыз мүнөттөр, SMS же мобилдик Интернеттин мегабайттары сыяктуу кепилденген жагымдуу бонустар тартууланат. Жакын арада акциянын эң активдүү катышуучусу болгон 35 абонент заманбап смартфондордун, баалуу фирмалык белектердин бактылуу ээлери болушту, - деп белгилей кетти өз сөзүндө Жарнама жана PR департаментинин жетечиси Жылдыз Мамытова.

Кант шаарында жаңы ачылган MegaCom тейлөө борборунан 4-августтан 18-августка чейин балансын 50сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акциянын катышуучусу боло алышат жана 10 күн аралыгында түйүн ичинде баарлашуу үчүн акысыз 50 SMS белекке алышат. Бонустун абалын *505# номуру боюнча текшерүүгө болот.

Жаңы тейлөө борбору өз абоненттерин Кант ш.,Ленин көч., 89 дареги боюнча күтөт. Иштөө убактысы: саат 8:00 дөн 18:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Доверительный платеж

  • Услуга

    «MegaMusic для себя»

    icon
  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «ЗОЖ»