Перейти на новый сайт
MegaCom: Сапатты алдыңкы орунга коюу ийгиликтүү ишкердикке чыйыр салат

MegaCom: Сапатты алдыңкы орунга коюу ийгиликтүү ишкердикке чыйыр салат

2014-жылдын 30-июлунда болуп өткөн «ISO эл аралык стандарттары боюнча сапаттык менеджмент жана экспортту жогорулатуу» деген аталыштагы эл аралык конференцияга катышкан MegaCom компаниясынын өкүлдөрү сапаттык менеджмент тутумун ийгиликтүү жайылтуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргызстандагы ишкердикти өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу маселесине кайдыгер карабаган 200дөн ашуун жеке ишкерлер жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнүн башын кошкон жыйында MegaCom компаниясынын сапаттык менеджмент тутумун башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Данилов улуттук уюлдук оператордун бул багытта жүргүзүп келе жаткан алгылыктуу иштери тууралуу баяндама жасап, анын артыкчылыктарына токтоло кетти.

«2013-жылы MegaCom компаниясынын сапаттык башкаруу системасы, башкаруу системаларын тастыктоо боюнча дүйнө лидери TÜV Thüringen германиялык уюму тарабынан тастыкталган. Мындан тышкары, уюлдук оператор сапаттык көрсөткүч боюнча КМШ өлкөлөрүнүн премиясы менен сыйланган. Бул жаатта компания тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин кардарлар тарабынан татыктуу баалангандыгын убакыт көрсөттү.
Бүгүнкү күндө, MegaCom компаниясы ISO 9001:2008 версиясынын сапаттык башкаруу системасынын эл аралык тастыктоосунан ийгиликтүү өткөн өлкөдөгү бирден-бир оператор. Сапаттык башкаруу системасы, пайда болгон жагдайларды чечүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана алдыңкы орунда болууга шарт түзгөн бизнестин баалуу аспабы деп айтууга болот», - деп сөзүн жыйынтыктады Юрий.

Иш чара тууралуу:
ISO стандарттары жана экспортту жогорулатуу боюнча Эл аралык конференциясы тастыктоо боюнча дүйнөдө таанылган CERT International (Словакия) эл аралык уюму, КРдин Каржы министрлигинин колдоосу менен TÜV Thüringen жана ICCO Cooperation германиялык тастыктоо уюму, Соода-өнөр жай палатасы, Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коому (GIZ), ЕБРРдин кичи ишкердикке колдоо көрсөтүү тобу жана MegaCom компаниясы тарабынан уюшулган.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    «Мобильный перевод»

  • Услуга

    «Родительский контроль»

  • Услуга

    «I’m OK»

    im OK 1