Перейти на новый сайт
“Миң уккандан бир көргөн артык ” же «МегаЖАЙды» MegaCom менен өткөр

“Миң уккандан бир көргөн артык ” же «МегаЖАЙды» MegaCom менен өткөр

Өткөн ишембиде, 26-июлда, «МегаЖАЙ» ажайып акциясынын ачылышы болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алуу күндөрүн өткөрүп жаткандар MegaCom тартуулаган көңүлдүү оюн-зоок, кызыктуу конкурстар, күтүүсүз белектер менен коштолгон жагымдуу көз ирмемдерге ортоктош болушту.

«Золотые пески» эс алуу жайынын кумжээгинде эс алып жаткандар үчүн бул ишемби өзгөчө болду. Алып баруучулар кумжээктеги бий аянтчасында чийки жумурткалардын, ооз боегучтардын, аркан жиптердин жана башка буюмдардын жардамы менен түрдүү интерактивдүү конкурстарды жана мурда болуп көрбөгөндөй мелдештерди уюштуруп, шамдагайлыгын жана тайманбастыгын көрсөтө алгандарга түрдүү байгелерди тартуулап жатышты.

Эң активдүү катышуучуларга MegaCom компаниясы кол чатырларды, футболкаларды, кепкаларды, трансформер-баштыктарды, кол чырактарды жана башкаларды тапшырды. Баш байгенин - IPhone 5S заманбап телефонунун ээси Бишкек шаарынын тургуну Айзада Женалиева өз кубанычы менен мындайча бөлүшө кетти: «Чынымды айтсам, мындай баалуу байгени утуп алуу мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Мен 6 жылдан бери MegaCom компаниясынын байланыш кызматтарынан колдонуп келем жана өз сүйүктүү операторума мага тартуулаган унутулгус жайы үчүн ыраазычылык билдирмекчимин!». Алгачкы кумжээк ишембиси Румыниянын атактуу Akcent тобунун концерти менен жыйынтыкталды.

«МегаЖАЙ» акциясы, абоненттерди оператор менен келишим түзүүгө тартууга, жаңыланган «Эл аралык» тарифтик планын жана жакындар, достор менен дайым байланышта болууга шарт түзгөн, бардык мобилдик түзмөктөр үчүн атайын иштелип чыккан DEVICE өзгөчө тарифтик планын жайылтууга багытталган. MegaComдун жогорку ылдамдыктагы 3,75G мобилдик интернети Ысык-Көл облусунун жалпы аймагын каптап келет.

MegaCom компаниясы, бардык каалоочуларды, кийинки дем алыш күндөрү эс алуучулардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган көл кылаасынын бир катар пансионаттарында өтө турган «МегаЖАЙ» акциясына катышууга чакырат. MegaCom улуттук уюлдук оператору бардык катышуучуларга өзгөчө белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт! Акция тууралуу толук маалыматты компаниянын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан жана компаниянын сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы