Перейти на новый сайт

MegaCom’дон «МегаЖАЙ»: кумжээкти каптаган белектер толкуну

MegaCom’дон «МегаЖАЙ»: кумжээкти каптаган белектер толкуну

MegaCom эстен кеткис «МегаЖАЙДЫ» көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө чакырат.

Саратан жайдын ар ишемби күнү, Сиздерди, мобилдик байланыш операторунан кумжээк бийлери, кызыктуу оюн-зоок программалар, фирмалык белектер, драйв жана белектер ташкыны күтөт! 26-июлда ажайып шаңга бөлөнгөн кумжээкке атайын конок катары Stay With Me, On & On (When the lights go down) жана That’s My Name белгилүү хиттеринин аткаруучусу Akcent тобу келмекчи.

«MegaCom компаниясы, түрдүү оюндарды өткөрүү менен күн нурларына чагылышкан алтын кумдуу кыргыз берметинин жээгинде эс алып жаткан бардык эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт. Ал эми, уюлдук оператордун Ысык-Көл облусунун аймагын толук каптаган, жогорку ылдамдыктагы 3,75G мобилдик интернети тартылган шайыр видеону же батып бара жаткан күн шооласына курчала кыялдана түшкөн сүрөттү ошол эле замат досторго жөнөтүүө шарт түзөт”, - деп ой бөлүштү, компаниянын Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Кайсы гана жерде болбоңуз MegaCom Сизге дайыма байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Өзүңүздүн «МегаЖАЙДЫ» биздин көңүл ачуу картабыз менен пландаштырыңыз. Компаниянын соцтармактардагы расмий баракчаларында өткөрүлө турган конкурстарга катышып, Akcent тобунун концертине билет утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Толук маалыматты www.megacom.kg сайтынын акциялар бөлүмүнөн, жана да *500 номуруна( MegaCom абоненттерине чалуу акысыз) чалуу аркылуу алууга болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    MegaTV

  • Услуга

    "Где телефон?"

  • Услуга

    «Оповещение о низком балансе»