Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери Сауд Аравиясында да байланышта боло алышат.

MegaCom абоненттери Сауд Аравиясында да байланышта боло алышат

MegaCom Сауд Аравиясынын Saudi Telecom Company (STC) операторунун тармагында «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматын ишке киргизип, Ажыга баруу маалында Кыргызстандан барган зыяратчыларга өз жакындары менен байланышта болуп туруу үчүн шарт түзүп берди.

«Жыл сайын төрт-беш миңдей мекендештерибиз Мекеге ажылык сапарга аттанышат. Өз абоненттеринин мүдөөлөрүнө өзгөчө маани берген MegaCom компаниясы роумингдин эң ыңгайлуу түрүн -алдын ала төлөнүүчу роумингди Сауд Аравиясында да ишке киргизди», - деп белгилей кетти, MegaCom компаниясынын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы активдештирүүнү талап кылбайт, аталган кызмат алдын ала төлөм формасында тейленген MegaCom абоненттери үчүн автоматтык түрдө жеткиликтүү. Мындан тышкары, роумингдеги чалуулардын онлайн тарифтөөсү аркылуу абонент өз балансынын абалын көзөмөлдөө менен, эсебин өз учурунда толуктап тура алат.

«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматынан абоненттерибиз дүйнө жүзүнүн бир катар мамлекеттерде жүргөндө жана балансы 200сомдон жогору болгон кезде пайдалана алышат.«Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы боюнча өлкөлөрдүн тизмеси жана тарифтер тууралуу маалыматты www.megacom.kg расмий сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн алууга болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «La-La Music»

  • Услуга

    NITRO

  • Услуга

    Конференц-связь

  • Услуга

    Мобильное приложение «Mega24»