Перейти на новый сайт

MegaCom «MegaПрогноз» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

MegaCom наградил победителей конкурса «MegaПрогноз»

MegaCom уюлдук оператору, Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатына арналган, социалдык тармактардагы өз жазылуучулары арасында өткөрүлгөн, эң эле узак мөөнөттүү «MegaПрогноз» сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

Конкурс дүйнөлүк футбол чемпионаты менен бирге башталып, 2014-жылдын 12-июнунан 13-июлуна чейин өткөрүлгөн. Шарт боюнча сынактын катышуучулары футболдук беттешүүлөрдүн жыйынтыгын алдын ала божомолдоп, 5 этапта терилген упайлар боюнча жеңүүчү аныкталмак. Сынак алкагында миңге жакын жазылуучу күч сынашып, бири бири менен достошуп, ойлору жана акыл-насааттары менен бөлүшүштү. Ар бир пост алдында 150 ашуун комментарийлер калтырылган.
Салтанаттуу сыйлоо аземинде виртуалдык достор бири бирин алгач жолу оффлайн көрүштү

Конкурстун ар түрдүү этаптарынын жеңүүчүлөрү MegaCom компаниясынан – фирмалык баштыктар, кол чатырлар, суюктук куюучу атайын бөтөлкө, колчырактар түрүндөгү жана башка жагымдуу азембелектерине жана уюлдук оператордун атайын белеги – OnlineTVни 2 саат акысыз көрүү интернет-трафиги жана «MegaCom’дон OnlineTV» мобилдик телеберүү кызматын бир ай абоненттик төлөмсүз көрүү белегине ээ болушту.

Жеңүүчүлөр тизмесин мырзалар гана эмес, айымдар да толктаган. Каныкей Кененсариеваны оюн процесси абдан кызыктырып, натыйжада ал курама командалар жана футбол жөнүндө көбүрөөк билип калган.

Лидерлердин үчүлүгүнө, 107 упай топтогон Алексей Морозов жана 108 упайы менен Чынгыз Исраилов кирген. Ал эми, 111 упай топтогон Искен Бегалиев «MegaПрогноз» сынагынын башкы жеңүүчүсү болуп табылган. Жеңүүчүгө баш байге Samsung Galaxy Note N7000 смартфону, «Лучший прогнозист ЧМ 2014» сертификаты жана MegaCom компаниясынын башка белектери тапшырылган. Искен футболдун сүйүүчүсү гана эмес, таланттуу китеп жазуучу экени билинди. Ал уюштуруучуларга жана жаңы досторуна автордук каалоолору жазылган өз китебин белекке тартуулады.

          

MegaCom компаниясы өз жазылуучуларынын каалоолоруна, ой-мүдөөлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, атайын конкурстарды жана иш чараларды өткөрүп келет.

MegaComдун Facebook, Twitter, Instagram, Odnoklassniki социалдык тармактардагы расмий баракчаларына кошулуңуз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр START

  • Услуга

    «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    «4 языка»