Перейти на новый сайт

Токтогулдагы Тейлөө борборунун түптөлгөн күнүнө карата Сиздерди белектер күтөт

Токтогулдагы Тейлөө борборунун түптөлгөн күнүнө карата Сиздерди белектер күтөт

Токтогул калаасындагы MegaCom Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун иштеп баштаганына бир жыл болду. Буга карата MegaCom компаниясы өз абоненттери үчүн белектерди даярдаган.

Бул күнү «Токтогул» тейлөө борборунан 50 сом же андан ашык суммага өз балансын толуктаган MegaCom абоненттери автоматтык түрдө акцияга катышып, түйүн ичинде баарлашуу үчүн 10 күнгө акысыз 50 SMS белекке алышат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

Мындан тышкары, жаңы тейлөө борборунда MegaCom менен тейлөө келишимин түзүп, персонификация боюнча Mega акцияда катышып, Samsung Galaxy Note же Huawei Ascend смартфондору, муздаткыч-баштыгы же фирмалык кол чатыр түрүндөгү баалуу белектердин ээлери боло алышат!

Эске сала кетсек, аталган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору, Токтогул шаарынын тургундарына жана меймандарына, MegaCom кызматтарынын толук топтомун көрсөтүү максатында 2013-жылы ачылган. 17 миңден ашуун калк тургундарын камтыган шаар үчүн алдыңкы уюлдук оператордун Тейлөө борбору бар болгону өзгөчө ыңгайлуу экени шексиз.

Токтогул шаарындагы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун кызматкерлери Токтогул шаары, Шарипов көчөсү дареги боюнча саат 09:00дөн 18:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз күтүшөт.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Твой номер» и «Бронирование номера»

  • Услуга

    «USSD-Меню: Мобильный портал»

  • Услуга

    «SIM-меню»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)