Перейти на новый сайт
MegaCom футбол боюнча «Ала-Тоо» кубогунун жыйынтыгын чыгарды

MegaCom футбол боюнча «Ала-Тоо» кубогунун жыйынтыгын чыгарды

MegaCom компаниясы «Mega Футбол» корпоративдик-социалдык долбоорунун алкагында, Бишкек шаарынын футбол сүйүүчүлөрү арасындагы кичи-футбол боюнча мелдешке колдоо көрсөттү.

Жыл сайын өткөрүлүүчү кичи-футбол турниринде, FUT-лигасынын лидерлери, борбор калаабыздын 30дан ашуун командасы, анын ичинде MegaCom операторунун курама командасы да ат салышты. Таймаш үстүбүздөгү жылдын 22-июнунан баштап 13-июлуна чейин «Футболистан» футбол борборунун аянтчасында болуп өттү.

Жеңилген команда катардан чыгып кетүү системасы боюнча курулган беттешүүлөрдүн натыйжасында, баш байге - «Ала-Тоо Кубогунун» ээси аныкталган. Жыйынтыгында, финалдык оюнда «Берен Голд» командасы «Ала-Тоо» курама командасын 3:2 эсеби менен жеңип, биринчиликке ээ болгон. Мыкты оюнчулар жана командалар, мелдештин башкы өнөктөшү, MegaCom компаниясынын атайын азембелектери менен сыйланышкан. Айтмакчы, Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаты менен теңештирилген, спорттук иш чара көптөгөн футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

MegaCom кыргыз спортчуларга дайым колдоо көрсөтүп, спортту өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүп келет. Ал эми, кыргызстандыктарга спорт менен машыгууга өбөлгө түзүп, сергек мүнөздөгү жашоого үндөө максатында, компания өзүнүн «Mega Футбол» аттуу спорт долбоорунун алкагында, өлкө ичинде спорт аянтчаларын куруу жана кайрадан калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    Порталы: «Детский» и «Книжный»

  • Услуга

    «Чёрный список»

  • Услуга

    «Ты где?»