Перейти на новый сайт
MegaCom 3,75G түйүнүнүн сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom 3,75G түйүнүнүн сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom компаниясы өлкө ичиндеги түйүндүн каптоосун кеңейтүү жана мобилдик байланыш сапатын жакшыртуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Компаниянын техникалык адистери тарабынан, Кыргызстандын бардык аймактарында үчүнчү муундагы байланыш стандартындагы технологиялары активдүү киргизилүүдө. Маселен, бир ай ичинде Жалал-Абад облусунун Арсланбоб айылында 3G түйүнү ишке киргизилген. Ал эми, июндун экинчи жарым бөлүгүндө, жүргүзүлгөн техникалык иштердин натыйжасында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында байланыш сапаты жана мобилдик интернеттин ылдамдыгы бир кыйла жогорулаган.

     

Мындан тышкары, 2G түйүнүн оптималдоо иштеринин натыйжасында төмөнкү калктуу конуштарда мобилдик байланыштын сапаты жогорулаганы байкалууда: Талас облусунун Жон-Арык, Көк-Токой, Кызыл-Туу жана Орто-Арык айылдары, Ош облусунун Ак-Терек, Арбын, Куу-Майдан, Шаңкол айылдары жана Жалал-Абад облусунун Бувакол, Чарбак, Гумхана, Жарадар, Айгыр-Жал айылдары. Тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү иштери Бишкек шаарында да активдүү жүргүзүлүп келет.

MegaCom компаниясынын техникалык кызматынын адистери, абоненттердин жогорку активдүүлүгү байкалган калктуу конуштарга өзгөчө көңүл буруп, байланыш сапатын көзөмөлдөө менен кезектеги жаңыртуу техникалык иштерин жүргүзүп турушат. Бүгүнкү күндө, түйүндүн каптоосу жана берилиштерди өткөрүү ылдамдыгы боюнча лидер, MegaCom компаниясы, өлкөбүздөгү калк отурукташкан аймактын 96 пайызын 2G жана 55 пайызын 3,75G байланыш түйүнү менен б.а. өлкөбүздөгү эң ири абоненттик базаны сапаттуу байланыш кызматы менен камсыз кылып келет.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге

  • Услуга

    Отказ от SMS-рассылок

  • Услуга

    «Голосовая почта»