Перейти на новый сайт
MegaCom Ат-Башыда жаңы фирмалык салон ачты

MegaCom Ат-Башыда жаңы фирмалык салон ачты

MegaCom компаниясы «Ат-Башы» жаңы фирмалык салонунун ачылышы тууралуу кубаныч менен өз абоненттерине билдирет.

Ат-Башы айылында 10 миңден ашуун адам жашап келет. Эми MegaCom жаңы фирмалык салонунун ачылышы менен жергиликтүү абоненттер алыс жолго чыкпастан, уюлдук оператор сунуштаган кызматтардын түркүмү менен пайдалана алышат.

«Ат-Башы» MegaCom фирмалык салонунан тарифтик планды же номурду алмаштырууга, комиссиясыз балансты толуктоого, кошумча байланыш кызматтарын кошууга жана пайдаланууга болот.

Мындан тышкары, жаңы тейлөө борборунда MegaCom менен тейлөө келишимин түзүп, персонификация боюнча Mega акцияда катышып, Samsung Galaxy Note же Huawei Ascend смартфондору, муздаткыч-баштыгы же фирмалык кол чатыр түрүндөгү баалуу белектердин ээлери боло алышат!

Ал эми, 17-июлга чейин, жаңы фирмалык салондон балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акцияга катышып, түйүн ичинде акысыз баарлашуу үчүн 50 SMS 10 күнгө ала алышат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

MegaCom жаңы фирмалык салону өз абоненттерин М. Өмүракунов көчөсү 208 дареги боюнча саат 09:00дөн 18:00гө чейин күтөт. Тыныгуу убактысы 12:30дан 13:30га чейин, дем алыш күнү – жекшемби.

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • SmartBook

    кызматы