Перейти на новый сайт
MegaCom: Социалдык тармактарда конкурстарды үзүрдүү өткөрүү

MegaCom: Социалдык тармактарда конкурстарды үзүрдүү өткөрүү

Борбор калаабызда, салтка айланган Маркетологдордун Клубунун* жолугушуусунда, MegaCom компаниясынын интернет-долбоорлору боюнча улук адиси Асель Абыкеева «Социалдык тармактарда конкурстарды кантип өткөрүү керек» темасы боюнча иште текшерилген кеңештер менен бөлүштү.

Асель ар түрдүү конкурстарды өткөрүүдөгү өзүнүн тажрыйбасы жана байгелерди ойнотуу тууралуу маалымат менен бөлүшүп, көптөгөн соцтармактардагы шарттар жана юридикалык эрежелер менен угуучуларды тааныштырды. Өзгөчө, жеңүүчү Samsung S3 мобилдик телефону менен сыйланган MegaCom компаниясынын 8 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн онлайн-викторинасы, 2014-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк таймашына арналган «Mega Прогноз» конкурсу жана ар түрдүү сүрөт-конкурстары угуучулардын чыныгы кызыгуусун жаратты. Спикер пайдалануучуларды тартуу жана жеңүүчүлөрдү тандоо устаттары тууралуу берилген суроолорго толук жооп берди.

          

«Социалдык тармактар, кардарлардын каалоолорун билүүгө, зарыл болгон маалыматты ыкчам жыйноого жана кайтарым байланышууга шарт түзгөн уникалдуу аянтча. Бүгүнкү күндө, уюлдук оператор социалдык тармактарда өзүнүн жазылуучулары арасында 200дөн ашык конкурстарды өткөрүп, 100дөн ашуун атайын иш чараларды уюштурган», - деп айтып өттү, компаниянын интернет-долбоорлору боюнча улук адиси Асель Абыкеева.

                    

*Бишкектеги Маркетологдор Клубу, 2013-жылдын 5-июнунда негизделген жана 1000ден ашык катышуучуларды бириктирип келет. Клуб алкагындагы ар түрдүү форматтагы жолугушуулар айына эң аз дегенде 10 жолу өткөрүлүп турат. Булар: ачык баяндама түрүндөгү жолугушуулар, кызыктуу спикерлер жолугушуулар, маркетингдик оюндары, PR, сатуулар, стратегиялык маркетинг, маркетингдик изилдөөлөр, интернет-маркетинг, брэндинг жана SMM темалары боюнча узак мөөнөттүү семинарлар. Мындан тышкары, Клуб маркетинг боюнча кино тасмаларды жана вэбинарларды көрүү үчүн чогулуп турат. Жакынкы убакытта Клуб кыргыз тилиндеги жолугушууларды уюштурууну пландаштырууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Тыным»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы