Перейти на новый сайт

«Эл аралык» тарифи: Чет өлкөгө чалуу наркы 1,5 сомдон баштап

«Эл аралык» тарифи: Чет өлкөгө чалуу наркы 1,5 сомдон баштап

MegaCom, чет өлкөгө ыңгайлуу чалуу наркы каралган жаңыланган «Эл аралык» тарифтик планын өз абоненттерине сунуштайт. Тарифтик план жайкы эс алуу жана саякаттоо мезгилинде өзгөчө актуалдуу экени шексиз.

Тариф алкагында Литва, Польша, Германия жана Европанын башка өлкөлөрүнө чалуу – болгону 1,5 сомдон баштап (мүнөтү менен). Ал эми, көптөгөн кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Орусия жана Казакстан багыттарына чалуу мурдагыдан да үнөмдүү болуп калды. Аталган өлкөлөргө чалуунун 1 мүнөтү 1,9 сомдон баштап тарифтелет.

«Эл аралык» тарифтик планы, MegaCom абоненттерине саякатта же кызмат иш сапарында жүргөн жакындарына, досторуна жана кесиптештерине каалаган убакытта үнөмдүү чалуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Айтмакчы, Казакстан же Орусия өлкөлөрүндө жүргөн абоненттер да роуминг кызматынын жардамы менен чалууларда каражатты үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Орусиядан («МегаФон» жана Теле2) кирген чалуулардын наркы 15 сомду, Казакстандан кирген чалуулар 25 сомду жана Кыргызстанга чыккан чалуунун наркы 40 сомду түзөт.

Тарифтик план алкагындагы өлкөлөрдүн тизмеси жана тарифтөөсү менен компаниянын расмий сайтындагы Тарифтер бөлүмүнөн таанышууга болот.

«Эл аралык» тарифтик планына MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунан же Фирмалык салонунан кошулууга болот.


 

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы