Перейти на новый сайт
Беловодск айылында жаңы тейлөө борбору ачылды

Беловодск айылында жаңы тейлөө борбору ачылды

MegaCom компаниясынын кезектеги жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору (СТБ) Беловодский айылында ачылды.

Эми Беловодск айылынын 20 миңден ашуун тургундары, жаңы тейлөө борборунан түйүнгө туташуу, тарифтик планды же номурду тандоо же алмаштыруу, комиссиясыз балансты толуктоо жана кошумча байланыш кызматтарынын түркүмү менен пайдалана алышат.

Мындан тышкары, жаңы тейлөө борборунда MegaCom менен тейлөө келишимин түзүп, персонификация боюнча Mega акцияда катышып, Samsung Galaxy Note же Huawei Ascend смартфондору, муздаткыч-баштыгы же фирмалык кол чатыр түрүндөгү баалуу белектердин ээси боло алышат.

Мындан тышкары, жаңы СТБнын ачылышына карата, жакшы салтка айланып калгандай компаниянын абоненттерине жагымдуу белектер тартууланмакчы. Үстүбүздөгү жылдын 1нен 10-июлга чейин, жаңы тейлөө борборунан балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акцияга катышып, түйүн ичинде акысыз баарлашуу үчүн 50 SMS 10 күнгө ала алышат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

MegaCom жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Беловодск айылы, Фрунзе көчөсү 128. Иштөө убактысы: 08:00дөн 18:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы