Перейти на новый сайт

MegaCom мини-футбол боюнча мамлекеттик кызматкерлердин арасында өтө турган турнирди колдомокчу.

MegaCom мини-футбол боюнча мамлекеттик кызматкерлердин арасында өтө турган турнирди колдомокчу.

MegaCom компаниясы «Mega Футбол» долбоорунун алкагында мамлекеттик кызматкерлердин арасында өтө турган футболдук беттешүүгө колдоо көрсөтөт. 2014-жылдын 21- июнунда ата мекендик Футбол Федерациясынын аймагында өткөрүлө турган матч КРдин мамлекеттик кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлөт.

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат футбол сүйүүчүлөрдүн назарын буруп турган кези. Эки футбол талаасында 6 команда, алардын катарында КРдин Жогорку Кеңешинин, Өкмөт Аппаратынын, Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик кадр кызматынын курама командалары жана башка мекемелердин футбол тайпалары беттешет.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча финалга чыккан эки команда, баш байге - Кубок жана MegaCom компаниясынын фирмалык азембелектери үчүн күч сынашмакчы. Башка курама командаларга башкы өнөктөштүн эстелик белектери тапшырылат.

КРдин мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи-футбол боюнча мелдеш экинчи ирет, MegaCom компаниясынын активдүү колдоосу менен өткөрүлмөкчү. Мындай спорттук иш чараларды өткөрүү сергек мүнөздөгү жашоону жайылтууга шарт түзөт.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «Мобильный перевод»

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud