Перейти на новый сайт
MegaCom: SIM-карталарды каттоо жөнүндө маалыматты *400 номуру боюнча алууга болот

MegaCom: SIM-карталарды каттоо жөнүндө маалыматты *400 номуру боюнча алууга болот

MegaCom компаниясы, уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү келишимин милдеттүү түрдө оператор менен түзүү зарыл экенин абоненттердин эсине салат. Буга тиешелүү «Кыймылдуу радио телефон кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндөгү» токтомуна 2014-жылдын 17-февралында кол коюлуп, ал үстүбүздөгү жылдын 5-мартынан тарта өз күчүнө кирген. Токтомго ылайык номурду 2015-жылдын 8-мартына чейин каттоодон өткөрүү керек. Аталган мөөнөттүн аягына чейин персонификациядан өтпөгөн номурлар өчүрүлөт.

Абоненттердин ыңгайлуулугун көздөгөн MegaCom компаниясы, SIM-карталарды каттоодон өткөрүү тууралуу толук маалымат алуу үчүн *400 жаңы кызматын ишке киргизген. Компаниянын абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Кантип келишим түзүүгө болот. Персонификациядан өтүү үчүн компаниянын каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна же Фирмалык салондоруна кайрылуу зарыл. Кайрылуу маалында абоненттин инсандыгын аныктаган документтин жанында болушу милдеттүү шарт.

Артыкчылыктар. Жашырын тейлөө формасынан келишимдик формасына өтүү бир катар артыкчылыктарды берет: эсептөөлөрдүн толук деталдоосун алуу мүмкүнчүлүгү, келишимдик абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошуу, акысыз мүнөттөр, SMS баарлашуу жана интернет мегабайттар түрүндөгү кепилденген бонустарды алуу жана атайын өткөрүлүп жаткан акцияда катышып, баалуу белектерге ээ болуу!

Акцияга катышуу шарттары: MegaCom менен келишим түзүп, белекке ээ болуңуз! Акцияда катышуу үчүн MegaCom менен келишим түзүү же түйүндүн келишимдик абоненти болуп, компания менен келишим түзүүгө досторуңузду тартуу зарыл. Эң активдүү болгон абоненттер – MegaCom белектери менен сыйланат! Акциянын аракет мөөнөтү 2014-жылдын 1-майынан 2014-жылдын 31-октябрына чейин уланат. Толук маалымат *996 номуру боюнча (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) же www.megacom.kg сайтынын Акциялар бөлүмүндө.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы