Перейти на новый сайт

MegaCom уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишимди милдеттүү түрдө түзүү зарыл экендигин эскертет.

MegaCom уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралуу келишимди милдеттүү түрдө түзүү зарыл экендигин эскертет.

MegaCom компаниясы, персонификациялоо боюнча мамлекеттин демилгесин колдоо менен, абоненттерге оператор менен келишим түзүүнүн зарылдыгын маалымдап келет. «Зымсыз радио телефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндөгү» токтомго 2014-жылдын 17-февралында кол коюлуп, ал үстүбүздөгү жылдын 8-мартында өз күчүнө кирди.

Артыкчылыктар. Номурду өзүнө каттатып алган абоненттер, өз номуру тууралуу бардык маалыматты акысыз ала алат. Мындан тышкары, тейлөөнүн жашырын формасынан келишимдик формасына өтүүдө, абоненттин кошулган бардык кызматтары, түйүндө тейленген жылдары сакталат, жана да бир катар артыкчылыктарга ээ боло алат: мисалы, эсебинин деталдоосун алуу, эл аралык роуминг кызматын кошуу жана контракттык абоненттер үчүн гана жеткиликтүү болгон кызматтардын түркүмү, маселен «Экинчи дем» кызматы боюнча чоң өлчөмдөгү насыяны алуу мүмкүнчүлүгү.

Келишимди кантип түзүүгө болот. Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүүнү каалаган MegaCom абоненттери компаниянын Фирмалык салондорунда же сатуу жана тейлөө борборлоруна келүүсу керек. Өзү менен паспортун ала келүүсү жетиштүү.

Номурду каттоо боюнча толук маалыматты *400 телефону аркылуу алууга болот (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз).

Персонификациялоо акциясы. MegaCom менен келишим түзүп белектерге ээ болуңуз!

MegaCom компаниясы абоненттерин персонификациялоо боюнча Mega акция өткөрүп жатат. Акцияга катышуу үчүн MegaCom менен келишим түзүп же келишимдик абонент болуп туруп компания менен келишим түзүүгө жакындарын тартуу жетиштүү.

Канча көп абоненттерди тартсаңыз ошончо көп белектерге ээ болосуз! Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 2014-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин уланат. Толук маалымат менен *996 телефону аркылуу (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана www.megacom.kg сайтынын Акция бөлүмүнөн алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы