Перейти на новый сайт

MegaCom өз чемпионун колдойт

MegaCom өз чемпионун колдойт

MegaCom компаниясы спортту сүйүүчүлөрдү «Ала-Тоо» эс алуу борборунун амфитеатрында боло турган беттешүүгө чакырат.

17- июнда кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев менен бразилиялык спортчу Эмерсон Фалькао профессионалдар арасында WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешмекчи.

Алексей Федосеевдин W5 жана WBKF версиялары боюнча дүйнөлүк титул үчүн таймашта жетишкен жеңиши бүгүнкү боло турган беттешүүнүн жолдомосу боло алды десек жаңылышпайбыз.

5 раунд менен өтүүчү таймашка эл аралык эксперттер калыстык кылышат. Атаандаштардын салмак категориясы - 66,8 кг чейин. Турнирдин программасы боюнча Кыргызстандын, Өзбекистандын жана Орусиянын мушкерлери катышкан беттешүүлөр өткөрүлөт.
Көңүл буруңуздар! MegaCom facebook социалдык түйүнү аркылуу билеттерди ойнотот. Чемпиондорубузду жапырт колдойлу!

Маалымат үчүн:
Дасыккан эки мушкер тең 1986-жылы туулган жана профессионалдык кикбокс боюнча бай тажрыйбага ээ. Эске салсак, WAKO версиясы боюнча интерконтиненталдык чемпион наамынын ээси А.Федосеев Азиянын, Европанын жана дүйнө чемпионаттарында намысын колдон чыгарбай келсе, ал эми бразилиялык спортчу Эмерсон Фалькао Пан-Америкалык оюндардын жана К-1 версиясы боюнча WGP дүйнөлүк сериясынын жеңүүчүсү.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы